• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад мэриясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана ата-энесинен ажырган 180 балага эс алуу уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Быйыл Жалал-Абад шаардык мэриясы калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана ата-энесинен ажырган 180 балага Кара-Алма айылындагы “Алтын Балалык” лагеринде жайкы эс алуу уюштурду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурдагы кырдаалды эске алуу менен жергиликтүү бийлик 180 баланы 3 топко бөлгөн. Кечээ, 15-июлда алардын бир бөлүгү, тагыраагы, 60 бала лагерге жиберилди.

Адистер балдардын жайкы эс алуусу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен уюштурулганын, алар 10 күн жаратылыш койнунда эс алып келерин билдиришти.

Жалал-Абад шаардык мэриясы жыл сайын 200гө чукул баланы эс алдырып келет.

Эске салсак, өткөн жылы COVID-19 пандемиясынан улам лагерь иштеген эмес.

Пикир

Оставить комментарий