• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад мэриясы: Ун эски баада сатылууда

Аймак 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында унга кезек күтүү жок жана ун эски баасында сатылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, бүгүн, 16-март күнү шаарга Казакстандан жана Бишкектен 130 тонна ун алынып келген. Шаарда азык-түлүк жетиштүү.

"Кечээ, 15-март күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев шаардын борбордук базарларында, соода борборлорунда азык-түлүк саткан сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Мэрия тарабынан көрүлгөн чаралардан кийин ун жана башка азыктардын эски баалары ордуна коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий