• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абад мэринин биринчи орун басары болуп Кубанычбек Иманалиев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп Иманалиев Кубанычбек Бактыбекович дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жаңы жетекчини Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков эмгек жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Нурбек Сатаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий