• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад: Милиция окуучулар арасындагы түшүндүрүү иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция окуучулар арасындагы түшүндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБи тарабынан 1-класстын окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, пандемиялык шартка байланыштуу ар дайым антисептикалык каражаттарды жанына алып жүрүү керектиги жеткирилди. Милиция кызматкерлери жаңыдан мектеп босогосун аттаган окуучуларды мыкты билим, таалим-тарбия алууга чакырышты. Келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошкон жаштардан болуп, мекенди сүйүүгө үндөштү.

Ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында күндүзгү жана түнкү убакыттарда коомдук жайлар көзөмөлгө алынууда. Аралыктан окуу учурунда окуучулардын жөнү жок көчөдө жүрүүлөрүн болтурбоо үчүн ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Сузак РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан бир үй-бүлөнүн онлайн сабактарды көрүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратылды. Аралыктан окутуу учурунда телеканал аркылуу көрсөтүлгөн сабактары көрүү үчүн район тургунуна милиция тарабынан телевизор тапшырылды. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында кылмыш, кырсыктардын алдын алуу максатында профилактикалык иштер алып барылууда.

Пикир

Оставить комментарий