• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал- Абад: Милиция тарабынан балдарга жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/.1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата облустук милиция тарабынан Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине жана “Ак-Жол” реабилитациялык борборуна акчалай колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өз кезегинде, бул мекемелердин жетекчилиги балдардын күнүн унутпай, алардан келип кабар алып турган милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Бул дата Сузак РИИБи тарабынан дагы унутта калган жок. Милиция жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жакшы окуган балдарга белек берип бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий