• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Милиция тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери суу кырсыктарын жана жазгы эс алууларды болтурбоо багытындагы иштерди алып барууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эл менен болгон жолугушууларда жакынкы эс алуу жайларына, көлмөлөргө, суу бойлоруна барууга болбой тургандыгы эскертилип жатат. Өспүрүмдөр арасындагы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу үчүн ата-энелерди өз балдарына көзөмөл салуу керектиги жеткирилди.

Ошондой эле район аймагында коронавирус илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу максатында медицина кызматкерлери, үй-бүлө жана балдарды колдоо борборунун адистери менен биргеликте атайын рейд өткөрүлдү. Рейддин алкагында көчөдө жүргөн жашы жете элек балдарга жана алардын ата-энелерине эскертүү берилди.

Мындай рейд Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан дагы өткөрүлүүдө. Милиция кызматкерлери түнкү мезгилдерде да көчөлөрдү кыдырып, күндүзү коомдук жайларды аралап, негизсиз көчөдө жүрбөө керектигин шаар тургундарына жеткиришүүдө. Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана жеке гигиенаны сактап, өз саламаттыгына кам көрүүгө чакырышууда.

Пикир

Оставить комментарий