• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад: Милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу шайлоого карата профилактикалык иштер уланууда

Аймак 0

Бишкек, 07.01.21. /Кабар/. 10-январда өтүүчү шайлоону тынч өткөрүү максатында Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан тынымсыз профилактикалык жумуштар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөзкызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон жана Ноокен РИИБдеринин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен район аймактарын кыдырып жатышат. Алар жергиликтүү тургундарга чагымчыл күчтөрдүн такталбаган маалыматтарына ишенбөөгө чакырышууда. Шайлоого карата ар түрдүү жалган чакырыктарды таратпоого жана социалдык тармактарды колдонууда этият болууга үндөштү. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдүн шайлоо өнөктүгү учурунда үгүт иштерине аралашпоо керектиги ата-энелерге жеткирилди.

Эске салсак, 2020-жылдын 12 айында Базар-Коргон РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы 139 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 157 ар кандай маанидеги арыз-даттанууларды кабыл алган. Ал эми Ноокен РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы өткөн жыл ичинде 182 жолу региондорго чыгып, 291 кайрылуу кабыл алып, 284 маселе чечилген.

Пикир

Оставить комментарий