• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад милициясы Ак калпак күнүндө жаштарды патриоттуулукка чакырды

Аймак 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-март – Ак калпак күнүнө карата Жалал-Абад шаардык милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери №2 жана №7 мектептердин окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Алар мектеп окуучуларына улуттук баш кийимибизби барктоо керектигин айтып өтүштү.

Ак калпак күнүнө арналган иш-чарада мамлекеттик символикаларды, улуттук баш кийимди кадырлоо зарылдыгы белгиленди. Милиция кызматкерлери жаштарды спортту сүйүүгө чакырышып, дүйнөлүк аренада кыргыз желегин желбиретип, башкы байгелерди жеңген учурда ак калпак башына кийип чыгуу чоң сыймык экендигин айтып өтүштү. Ошондой эле улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, бири-бири менен достук мамиледе болууга чакырышты. Окуучулардын руханий жан дүйнөсүн ойготуу максатында спортто ийгилик жараткандардын басып өткөн жолдору тууралуу лекциялар өттү.

Ак калпак күнүнө арналган иш-чаралар Жалал-Абад шаарынын аймагындагы башка мектептерде да улантылды.

Пикир

Оставить комментарий