• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад милициясы Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата спорттук иш-чараларды уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 23-февраль - Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата милиция тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды ынтымакка чакыруу максатында спорттук иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан демилгеленген майрамдык спорттук иш-чара Кызыл-Туу айыл аймагындагы мектеп окуучулары арасында өткөрүлдү. Анда бул аймактагы мектептердин жогорку класстарынан куралган улан-кыздар милиция тарабынан уюшулуп жаткан спорттук оюндарга активдүү катышышты. Оюндун жүрүшүндө милиция кызматкерлери жаштарды ынтымакка жана спортту сүйүүгө чакырышты. Жеңүүчүлөргө Кызыл-Туу айыл аймагынын жана жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен алынган спорттук шаймандар тапшырылды.

Мындан сырткары, бул аймактагы өспүрүмдөр менен иш алып барган милиция кызматкерлеринин аткарган жумушу жергиликтүү бийлик жана билим берүү мекемелери тарабынан алкоого алынып, ардак грамоталар ыйгарылды.

Майрамга карата спорттук иш-чара Базар-Коргон РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан да уюштурулду. Кеңеш айыл аймагындагы №11 Маматжан Алыкулов орто мектебинде спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш жүрдү. Оюндун негизги максаты жаштар арасындагы достукту жана улуттар аралык биримдикти чыңдоо экендиги белгиленип, жеңүүчүлөргө милиция кызматкерлери тарабынан кубок, глобус, дипломдор жана топтор ыйгарылды.

Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата спорттук иш-чаралар Майлуу-Суу шаардык жана Аксы райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан да уюштурулуп, өспүрүмдөргө кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болуу керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий