• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад милициясы дайынсыз жоголгон Эркин Каипбердиевге издөө салат

Аймак 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад милициясы дайынсыз жоголгон Эркин Каипбердиевге издөө салат.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылынын 33 жаштагы тургуну Каипбердиев Эркин Нуралиевич 2020-жылдын 20-декабрь күнү саат 14:00 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Эркин Каипбердиевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 170-175 см, өңү ак-сары жүздүү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Башында күрөң топу, үстүндө кара күрмө болгон.

"Дайынсыз болуп жаткан Эркин Каипбердиев тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке же төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Тел.: 102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79 23 63, 0773 00 08 02. Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий