• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад милициясы каза болгон жарандын өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурайт

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад милициясы каза болгон жарандын өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурайт.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 9-август күнү Жалал-Абад шаарындагы кароосуз калган имараттын ичинен белгисиз азиат улутундагы, болжол менен 45-50 жаштар чамасындагы аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун өздүгүн аныктоого азыркы учурга чейин мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу милиция анын ким экендигин табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 150-155 см, өңү кара тору, чачы кара узундугу 10-15 см, толмоч дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө сары түстүү гүлдөрү бар жайкы көйнөк, сол колунда сары түстөгү шакек болгон.

“Жогорудагылардын негизинде сүрөттөгү жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Тел.: 102, (03722) 5 28 31, 7 03 44, 0224 95 15 15", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий