• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абад милициясы кызматкерлердин балдарына майрамдык балаты уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 30.12.19./Кабар/. “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын жана тез чара көрүү атайын отрядынын (ОСО) кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө арналган жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдын катышуучуларына кызматкерлердин күнүмдүк жашоосу камтылган атайын видео материал көрсөтүлүп, оюн-зооктор менен коштолду. Дубал газеталар уюштурулуп, өз өнөрлөрүн мыкты көргөзгөн жаш балдарга атайын даярдалган белектер ыйгарылды. Майрамдын катышуучуларынын маанайлары көтөрүлүп, ырдап-бийлешип, жаңы жылдык кечени уюштуруп берген жетекчиликке ыраазы болуп кайтышты.

Ошондой эле бүгүн 30-декабрда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери Бектур Идирисов жана Медетбек Эргеш уулу 2019-жылда спортто жетишкен ийгиликтери, Эл аралык мелдештерде 1-орунга ээ болгондуктары үчүн КР ички иштер министринин кол сааты менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий