• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад милициясында журналист айымдар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 06.03.21. /Кабар/. 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы менен тыгыз кызматташкан басма сөз катчылар жана телевидение кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыков ардак грамоталарды тапшырып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Н.Сыдыков коомчулукка маалымат таратууда жана жеткирүүдө журналисттердин эмгеги чоң экендигин айтып, мындан ары да көптөгөн жетишкендиктерди багындыруусуна тилектештигин билдирди.

Өз кезегинде сыйлык алган айымдар тарабынан ыраазычылыктар айтылып, милициянын жумушу жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий