• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад милициясы: Шайлоочуларга беткап таратылууда деген маалымат жалган

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Жалал-Абадда кайсы бир партия беткап таратып жатат деген видеотасмадагы маалымат такталган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Боршайкомдун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ж. Бейшенбаев билдирүү жасап, анда 2021-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан Темир-Жол бекетиндеги №2092 шайлоо учаскасында жашыл беткап таратып жаткандыгы тууралуу видеотасма интернет булактарына тарап кеткендигин айтып, текшерүү зарылдыгын билдирген.

Аталган билдирүү Жалал-Абад шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Алдын ала териштирүүнүн натыйжасында Жалал-Абад жана Сузак АШКнын атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Т. Өмүрзаков Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте №2092 шайлоо комиссиясынын аймагында же болбосо башка жерде беткап тараткандыгы далилденген жок экендигин маалымдаган.

"Андан сырткары, Жалал-Абад шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан Темир-Жол бекетиндеги №2092 шайлоо учаскасындагы байкоочулардан жана шайлоочулардан түшүндүрмө алган учурда, аталган №2092 шайлоо учаскасында эч кандай жашыл түстөгү беткап таратылбагандыгы, ошондой эле шайлоочулар өздөрү үйлөрүнөн беткап тагып келип жаткандыгы, шайлоочуларда маскалары жок болгон учурда АШК тарабынан берилген ак түстөгү маскаларды санитардык эпидемиялогиялык көзөмөл менен берилип жаткандыгын билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий