Жалал-Абад милициясы тарабынан балдарды колдоо багытында тынымсыз иштер жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. “2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата Жалал-Абад областынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан профилактикалык иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлайт.

Жалал-Абад ШИИБи тарабынан “Бүгүн тагдырыңды талкаласаң, эртен кеч болуп калат” аталышындагы түшүндүрүү жумуштары колго алынып, спорттук оюндар менен коштолду. Ошондой эле 15-февраль – Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 31 жылдыгы эскерилди.

Жалал-Абад шаарынын мектептеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан демилгеленген тегерек столдор өткөрүлүп, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышышты. Балдарга тарбия берүүдө ата-эненин ролу чоң экендиги белгиленип, сабактан сырткары ар дайым балдарына туура багыт көрсөтүп, өспүрүмдөрдү ар тараптуу колдоо керектиги белгиленди. Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жана мектеп рэкетчилигин алдын алуу меселелери талкууланып, жаштарды интернет клубдарынан жана интернет желелеринен алыстатып, коомчулук менен кенен байланышта болуу керектиги айтылды.

Мындан сырткары, медицина кызматкерлери менен биргеликте коңшу өлкөдө тарап жаткан коронавирус жана кыш мезгилинде көп катталуучу сасык тумоо тууралуу маалыматтар кеңири айтылып, алардын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий