• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Мирзахмедов ишкерлер менен жолугуп, аймактагы курулуш, өнөр жай тармактарынын абалы жана көйгөйлөрү тууралуу пикир алмашты

Аймак 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов ишкерлер менен жолугуп, аймактагы курулуш, өнөр жай тармактарынын азыркы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу пикир алмашты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга облус аймагындагы жана Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш, курулуш жаатында эмгектенип келе жаткан ишкердик тармактарынын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мекеме-ишканалардын башчылары катышты.

Алгач өкүл ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүүдө мыйзамдуу багыттарды талдап, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү керектигин айтып, ишкерлерин оюн укту.

Анда азыркы учурда Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн 90 пайыздан ашууну толук кандуу мыйзам талаптарына жооп бербестиги айтылды. Жыйындын жүрүшүндө эң башкы маселе Жалал-Абад аэропорту шаардын ортосунда жайгашкандыгы. Ал КР Жарандык авиациясынын аба кодекстеринин талаптарына жооп бербегендигинен улам, калаанын бийикке карай өсүүсүнө жана курулуш жаатын жолго коюуга тоскоолдук жаратып жаткандыгы көтөрүлдү. Ага улай аталган тармактын өкүлдөрү шаар аймагында өндүрүштүк зоналарды кеңейтүү үчүн жер маселелери көйгөй болуп жаткандыгын кошумчалашты.

Жыйындын алкагында ишкердик өкүлдөрүн түйшөлткөн бир катар маселелер ортого коюлуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен талкууланды.

Соңунда облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедов, айтылган маселелер өкмөттүк деңгээлде көтөрүлүп, чечүү жолдору каралаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий