• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Мирзахмедов Тогуз-Торо районунда иш сапары менен жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/.Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов Тогуз-Торо районунда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапарынын алкагында өкүл элет элинин бир катар көйгөйлөрү болгон таза суу, билим берүү мекемелеринин абалы, ооруканаларда даярдалган обсервация бөлмөлөрүнүн шарттары жана Жалал-Абад-Балыкчы түндүк-түштүк альтернативдүү жолдун иш ыргагы менен таанышты.

“Райондун айылдарында таза суу маселеси курч бойдон калууда. Бул кезге чейин таза суу долбоору башталып, бирок белгисиз себептерден улам токтотулуп, ишке берүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган. Облус жетекчиси менен кошо тиешелүү жетекчилер дагы барышкан. Аларга тапшырма берип, тез арада чечүүгө аракеттердин көрүлүшүн талап кылды.

Андан сырткары мектептердеги ондоп-түзөө жумуштарынын жүрүшүндө бир катар кемчиликтер кетирилгенине күбө болгон өкмөттүн облустагы өкүлү, жергиликтүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, талап күчөй турганын эскертти.

Аталган райондогу даярдалган обсервациялардын абалы талапка жооп бербегендиги Мирзахмедовдун сынына кабылды. Ошондой эле илдеттин жайылышына жол бербөө, обсервациялардын шарттарын жакшыртуу, элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүү жана коргонуучу каражаттарды колдонуу тапшырмасы жергиликтүү бийликке берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий