• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Муниципалдык мүлктөн пайда түштү

Аймак 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы тарабынан шаардык казынага 2018-жылдын 6 ай ичинде 7 миллион 455 миң сом түшкөн. Бекитилген план 7 миллион 269,5 миң сом болсо, киреше жагынан план 102,6 пайызга аткарылган же болбосо 185,5 миң сом ашыкча түшкөн. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Жер участокторун ижарага берүү боюнча 7 жолу сынак өткөрүлүп, ал аркылуу 43 жер тилкеси ижарага берилген, андан 3 миллион 950,2 миң сом каражат шаардык казынага түшкөн. Белгиленген план 3 миллион 700 миң сом болсо, ал 106,8 пайызга аткарылган, же болбосо 250,2 миң сом ашыкча түшкөн.

Шаар аймагындагы муниципалдык унаа токтоочу жайларды иретке келтирүү жана бюджетти көбөйтүү максатында жеке адамдардан авто транспорт каражаттарын коюу укугу үчүн жыйымдардан 1 миллион 488 миң сом каражат шаардык казынага түштү.

Башкармалыктын жарнак жана кооздоп жасалгалоо бөлүмү тарабынан шаар аймагында уруксат берүүчү документтерди бергендик үчүн акы төлөө кызматынан 948,4 миң сом шаардык казынага түшкөн. Белгиленген план 915 миң сом болсо, ал 103,5 пайызга аткарылды, же болбосо 32,5 миң сом ашыкча түштү.

Жашоого ыңгайлашпаган имараттарды жана курулуштарды ижарага берүүдөн 1 миллион 68,4 миң сом келип түштү. Бекитилген план 1 миллион сом болсо, ал 106,8 пайызга аткарылган.

Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы тарабынан жарым жыл ичинде соттун чечимдери менен №15, 21, 23 бала бакчалардын имараты муниципалдык менчикке кайтарылып алынды.

Мындан сырткары, мурунку Дене тарбия институтуна өтүп кеткен №18 балдар бакчасынын имараты соттун чечими менен кайтаруу боюнча аракет жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий