• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абад: Өнөр жай алга кетти

Аймак 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Быйылкы жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарындагы өнөр жай ишканалары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 76 миллион 515 миң сомдук продукцияны көп өндүрүштү. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарынын өндүрүш тармагындагы маанилүү көрсөткүчтү өнөр жай сектору берет.

"Бул жагынан алганда шаардагы өнөр жай ишканаларынын көпчүлүгү продукция иштеп чыгаруу көлөмүн арттырууга жетишишкен. Мисалга алсак, өткөн жылы шаардагы өнөр жай ишканалары жети айдын ичинде 1 миллиард 782 миллион 106 миң сомдук продукция өндүрүшкөн болсо, быйылкы жылы жети айдын ичинде өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 2 миллиард 76 миллион 515 миң сомго жеткен. Демек, өткөн жылдын жети айына салыштырмалуу 294 миң 409,1 миң сомдук продукция көп өндүрүлүп, өсүү темпи 116,5 пайызга жеткен. Ал эми өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн физикалык индексинин өсүшү 170,7 пайызды түздү", - дейт ал.

Азыркы тапта шаардагы өнөр жай ишканалары продукцияны өндүрүү менен кошо аны сыртка экспорттоо, продукцияны сатып өткөрүү чөйрөсү диверсификациялоо жагынан иш алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий