• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Жалал-Абад – Наманган 2021” бизнес форуму болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Өзбекстандын Наманган облусунан келген делегациянын сапарынын алкагында Жалал-Абад жана Наманган облустарынын 100гө жакын ишкерлеринин катышуусундагы бизнес форум болуп өттү.

Маалыматка ылайык, форумда Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев форумдун башкы максаты – Кыргызстандын Жалал-Абад жана Өзбекстандын Наманган облустарынын соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана туризм тармактарындагы биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу экенин айтты.

"Азыркы учурда мамлекетибиздин алдыга койгон негизги багыты өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү болуп саналат. Бул алкакта биз бардык ишкерлерге, ички жана сырткы инвесторлорго коопсуздукту камсыз кылып, жагымдуу шарттарды түзүүбүз зарыл. Жалал-Абад облусу Кыргызстандын өнүккөн өнөр жайлуу облустарынын бирине кирет, анда электр энергия, мунайзат, газ, көмүр, алтын жана башка пайдалуу тоо кен тармактарын өндүрүү жолго коюлган", - деди Абсаттар Сыргабаев.

Өткөн жылы Жалал-Абад облусу Өзбекстан өлкөсүнө 29 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү товар экспорттогон. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 106,2 пайызга көп. Коңшу өлкөнүн экспорттогу жалпы үлүшү 11,6 пайызды ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий