• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облустук казыятына КМДБ тарабынан 6 миң 552 Куран китеби берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Кечээ, 15-сентябрь күнү Жалал-Абад облустук казыятына Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан жиберилген 6 миң 552 даана Ыйык Куран китеби тапшырылды. Бул тууралуу муфтяиттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Куран китептер облустун аймагындагы ар бир мечитке жана диний окуу жайларга 8 даанадан таратылат.

Куран китептери Жалал-Абад шаарына 248 даана, Сузак районуна 1776 даана, Базар-Коргон районуна 960 даана, Ноокен районуна 656 даанадан таркатылып берилди. Ал эми облустун башка аймактарына дагы толугу менен таратыла турганын облус казысы Абдулазиз кары Закиров баса белгиледи.

“Муфтияттан келген бул аманатты тиешелүү жерлерге сөзсүз түрдө жеткиребиз. Бул китептер элибиздин, жеткинчектердин Куран окууда сабаттуулугун жоюуда түрткү берет деген терең ишеничтемин”, - деди облус казысы.

Пикир

Оставить комментарий