• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абаддын облустук кызматтары Майлуу-Сууда абалды жөнгө салууга көмөктөшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-январда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев бардык облустун мекеме-ишканалардын жетекчилерине Майлуу-Суу шаарындагы өзгөчө кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиргендей, облус башчысы атайын жыйын өткөрүп, Майлуу-Суу шаарынын калкына таза суу жана жылуулук жеткирүү үчүн бардык облустук мекеме-ишканалар, айыл аймактарга чейин көмөк көрсөтүү зарылдыгын эскертти. Өкүл суу куурларын тоңгон муздан арылтуу, жергиликтүү жашоочулардын муктаждыктарын камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Азыркы учурда берилген тапшырмаларга ылайык, Майлуу-Суу шаарында тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Абалды ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Эркинбек Маматаев көзөмөлгө алууда.

Пикир

Оставить комментарий