• 84.8
  • 102.4
  • 1.15

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт

Аймак 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/.Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы катардагы жана кенже жетектөөчү курамындагы кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт.

Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Бош кызмат орундары:

-Жалал-Абад ОИИБнын Медициналык кызматынын дарылоо-реаблитациялык борборунун медициналык айымынын 2 бош (вакант) кызмат ордуна;

- Жалал-Абад ОИИБнын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционеринин 3 бош (вакант) кызмат ордуна;

- Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин 2 бош (вакант) кызмат ордуна жана коштоп жүрүү тобунун коштоочу-милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна;

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна;

- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу ШИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна;

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад ШИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна;

- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр ШИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөтчүнүн жардамчысынын 1 бош (вакант) кызмат ордуна.

Тиешелүү документтер 2020-жылдын 20-июнуна чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Жалал-Абад ОИИБнын Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Байланыш телефондору: (03722) 7-02-81 (0779) 46-42-41

Пикир

Оставить комментарий