• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Аймак 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясы жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан пиротехникалык каражаттардан улам келип чыгуучу кырсыктардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Атап айтсак, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте рейддик иш-чараларды алып барышты. Алар пиротехникалык буюмдарды коомдук жайларда, базарларда жана башка соода комплекстеринде сатууга болбой тургандыгын эскертишти.

Милиция кызматкерлери жаңы жылды тосууда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу негизги милдет экендиктерин белгилешип, түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышты.

Белгилей кетсек, бүгүн облус аймагындагы коомдук тартипти жалпы миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлгө алат.

Пикир

Оставить комментарий