• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясы Ноокендеги көмөкчү мектебине колдоо көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Майрамга карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектебине акчалай колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган мектептин директору Эрик Абдурахманов бул акчалар мектептин тарбиялануучулары үчүн эс алуу аянтчасына керектүү шаймандарга иштетиле тургандыгын белгиледи. Мектептин аймагында жүрүп жаткан жумуштары менен тааныштырып, акчалай колдоого келген каражат жумшала турган курулушту көрсөттү. Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине жана өздүк курамына ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Буга чейин аталган мектепке Ноокен РИИБдин жетекчилиги тарабынан дагы акчалай колдоо көрсөтүлгөн. Ал эми Жалал-Абад облусунун аймагындагы шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы балдардын коопсуздугун көзөмөлгө алышууда. Ошондой эле Жалал-Абад, Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Кара-Көл ШРИИБдеринин кызматкерлери эл көп топтолгон жайларда профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий