• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясына мыйзам бузуулар боюнча 4 кайрылуу түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Шайлоо жана референдумду өткөрүү күнү Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 700дөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, саат 18:00гө карата маалыматтардын электрондук китебине 3 арыз катталган: үгүт иштери боюнча - 3, добуш сатып алуу – 1.

"Бардык учур боюнча текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада маалыматтар такталган эмес. Учурда облус аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий