• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облустук милициясында кызматкерлер сыйланды

Аймак 0


Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги кадрлар жана уюштуруу инспектордук бөлүмдөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата аталган бөлүмдө иштеген кызматкерлерди куттукташты.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, ошону менен катар кызматында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ИИМдин төш белгилери жана ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Өз кезегинде ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев майрам ээлерин куттуктоо менен бирге алардын иштерине ийгилик, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалап өттү.

Пикир

Оставить комментарий