• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясында мамлекеттик тил күнү белгиленди

Аймак 0


Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул датага байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында тегерек столдор өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад ОИИБдин Уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн улук инспектору Акылбек Каратаев тарабынан иш кагаздардын жүрүшүндө кезиккен татаал терминдер, кыскартылган сөздөргө улануучу мүчөлөр боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле кызматкерлер кызыктырган суроолорун ортого салышып, кыргыз тилинде тереӊ талкуулар болуп өттү.

Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар Жалал-Абад ОИИБдин ШРИИБдеринде да өткөрүлүп, кыргыз тилин даңазалаган ыр-күүлөр жаңырды.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан кыргыз тилине арналган ыр саптары айтылып, видеоролик даярдалды.

Пикир

Оставить комментарий