• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облустук милициясында саптык кароо өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында өздүк курам саптык кароодон өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, саптык кароодо кызматкерлердин жанына алып жүрүүчү жана медициналык каражаттары текшерүүгө алынды.

Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБдин Ыкчам криминалистикалык бөлүмүнүн башчысы Адылбек Шатмановго кезектеги милициянын полковниги наамы ыйгарылды.

Мындан сырткары, былтыркы жыл ичинде өздөрүнүн милдеттерин так аткарышып, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, кылмыштуулуктун алдын алууда жана ага каршы күрөшүүдө алдыңкы көрсөткүчтөргө ээ болгондугу үчүн Жалал-Абад ОИИБдин Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын 2-взводу телевизор менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий