• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясында спортто ийгилик жараткандар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-июлда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратында бир катар спорттук мелдештерде ийгиликке жетишкен ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери медаль жана дипломдор менен сыйланды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ошондой эле спортко кошкон зор салымы үчүн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобековго “EFC Эр-Таймаш” федерациясы тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан ийгилик алып келген кызматкерлер алкоого алынып, алардын жетишкендиктери милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө кошкон салым катары бааланды.

Пикир

Оставить комментарий