• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облустук милициясында журналисттер жана коомдук активисттер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясында 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттер жана пандемия учурунда милицияга көмөктөшкөн коомдук активисттер сыйланды.

Жалал-Абал облустук милициясы билдиргендей, аларга ИИМдин медалдары, ардак грамоталар, Жалал-Абад облустук милициясынын сыйлыктары тапшырыган.

Облустук милициянын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков журналисттерди алдыда келе жаткан кесиптик майрамдары менен куттуктап, алардын аткарып жаткан иши жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу экендигин белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалаган.

Ошондой эле иш-чара учурунда милиция менен тыгыз кызматташып, кылмыштуулуктун алдын алууда салым кошуп келе жаткан коомдук активисттерге ыраазычылыктар айтылган.

Пикир

Оставить комментарий