• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы алмашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-мартта, ИИМ башчысынын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБдин жаңы дайындалган башчысы Ашым Тагаевди өздүк курамга тааныштырды.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашканлай, Өмүрзаков жаңы жетекчи конкурстун жыйынтыгы менен дайындалгандыгын жана милицияда көп жылдар эмгектенип тажрыйбасы мол экендигин белгиледи.

Ошону менен катар Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад ОИИБдин жана ШРИИБ жетекчилеринен кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана болгон кылмыштын бетин ыкчамдык менен ачуу, окуя болгон жерге жетекчиликтин өздөрүнүн чыгуусун талап кылды.

Жалал-Абад облусунда 12 шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү, 1 млн 200 миңден ашуун калк бар экендигин, милицияга келип кайрылган жарандардын арыз-доосун кыска мөөнөттө чечүү зарыл экендигин белгилеп өттү.

Сүйүн Өмүрзаков жаңы дайындалган жетекчиге ийгилик каалап, өздүк курам үчүн жакшы шарттарды түзүп, элге ак дилден кызмат кылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий