• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышууда

Аймак 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Ашим Тагаев милиция кызматкерлерине түзүлгөн шарттар жана алардын ишмердүүлүгү менен таанышууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак жана Базар-Коргон РИИБдин, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамы менен жеринде жолугушуп, бир катар тапшырмаларды койду. Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБдин Медицина кызматында түзүлгөн шартты көзөмөлгө алып, кызматкерлердин жана ардагерлердин ден соолугуна кам көрүү зарылдыгын белгиледи.

Ашим Тагаев кызматкерлерди элибиз үчүн ак дилден татыктуу кызмат өтөөгө, кызматтык тартипти бекем сактоо менен бирге кылмыштуулуктун алдын алууга, катталган кылмыштардын бетин ыкчамдык менен ачууга жана жарандар менен болгон мамиледе сылык болууга чакырды. Ошондой эле милиция кызматкерлери коррупцияга, баңгизатына байланыштуу окуяларга аралашпоосу жана спирт ичимдиктеринен алыс болуусу керектигин катуу эскертти.

“Форма кийип, жергебиздеги коомдук тартипти көзөмөлдөө биз үчүн сыймык. Жумушту өз учурунда аткарып, үй-бүлөгө да көңүл буруу зарыл. Үй-бүлөңдө тынчтык болсо, жумушта да ийгилик коштойт. Мен сиздер үчүн толук кандуу шарт түзүүгө болгон аракетимди көрөмүн, сиздер ошого жараша чын көңүлдөн кызмат өтөп, коюлган тапшырмаларды убагында аткарыңыздар. Мен өздүк курамга толугу менен ишенем” – деп белгиледи Ашим Тагаев.

Пикир

Оставить комментарий