• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясынын башчысынын м.а. Сузактын эли менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын башчысынын милдетин аткаруучу Нурбек Сыдыков Сузактын эли менен жолукту. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Нурбек Сыдыков жергиликтүү калктын суроо-сунуштарын угуп, жакынкы аралыкта чечүү тапшырмаларын койду. Жыйындын жүрүшүндө Барпы айыл аймагын тейлеген аймактык инспекторлордун жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин жылдык аткарган жумуштары тууралуу маалыматтар берилди. Жыл ичинде кетирилген кемчиликтер белгиленип, аларды кыска мөөнөттө жоюу тапшырмалары Сузак райондук милициясынын жетекчилигине коюлду.

Элдик жыйын учурунда сөз сүйлөгөн тургундар 2020-жылкы пандемия дал ушул аймактан башталгандыгын, ал учурда милиция кызматкерлери өз өмүрлөрүн, ден соолуктарын тобокелге салып, калктын саламаттыгы үчүн, оорунун жайылуусунун алдын алуу максатында күнү-түнү блокпосттордо тыным албастан кызмат өтөшкөндүгүн белгилешти.

Сузак айыл аймагында 45 миңден ашуун калк жашайт. Бул аймакты 5 милициянын участкалык инспекторлору жана 4 жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тейлешет. Алар былтыркы жыл ичинде 5 кылмыштын бетин ачышып, 10 кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүшүп, издөөдө жүргөн 1 кылмышкерди кармашкан.

Пикир

Оставить комментарий