• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-октябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында эл аралык жана жергиликтүү спорттук оюндарда ийгиликке жетишкен ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар ХХ Эл аралык Азия регионалдык кызматташтык жана тынчтык урааны астында Ысык-Көлдө өткөн мелдеште, Москва шаарында өткөн каратэ-до боюнча “Дүйнөнүн алтын кубогу” чемпионатында, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алыш күрөшү боюнча кубогунда жана жергиликтүү спорттук иш-чараларда байгелүү орундарды камсыздашкан. Спортчуларга кубоктор, дипломдор жана медалдар тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары милициянын полковниги Алмаз Кудайбердиев спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктады. Ошондой эле алардын мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди багындыруусуна тилектештигин билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий