• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлерине медалдар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Бүгүн 15-июнда Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлерине медалдар тапшырылды.

Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, коронавируска байланыштуу кызматкерлердин саптык кароосу өткөрүлүп, алардын медициналык жана күнүмдүк керектелүүчү каражаттары текшерилген.

“Мындан сырткары өзгөчө абал учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн бир катар кызматкерлер ИИМдин “Ардак”, “Датка айым”, “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдары менен сыйланышты. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары тапшырылды”, - деп билдиришти облустук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий