• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясынын медицина кызматына жасалма дем алдыруучу аппараттар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын медицина кызматына жасалма дем алдыруучу аппараттары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эки жасалма дем алдыруучу аппарат Базар-Коргон районунун тургуну "Бай-Дыйкан" айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Эрлист Акунбеков тарабынан берилген.

Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошов жасалма дем алдыруучу аппараттарды берген демөөрчүгө ыраазычылыгын билдирген.

"Бүгүнкү аппараттардан сырткары Ички иштер министрлигинен да эки жасалма дем алдыруучу аппарат келди. Бул медициналык жабдыктар биздин медициналык кызматка берилет. Учурда ооруга чалдыккан милиция кызматкерлерине тез жана сапаттуу, өз убагында тиешелүү деңгээлде кам көрүп, медициналык жардам берүү максатында мобилдик топтор түзүлдү", - деди ал.

Ал мобилдик топтор кызматкердин үйүнө барып медициналык жардам көрсөтүп, аппараттарды үй шартында да коюп берүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий