• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги көчмө кабылдама менен элди кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги көчмө кабылдама менен элди кыдырууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурбек Сыдыков, ОИИБдин жорук иштери боюнча бөлүм башчысы милициянын полковниги Нурбек Масалимов жана Токтогул РИИБнин башчысы милициянын полковниги Замир Ормонов, Токтогул райондук администрация башчысынын орун басары Н.Кожобергенов, А.Нават кызы, медицина борборунун башчысы Н.Жумабаевдер менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы курамында Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагына барышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ар кандай укук бузуулардын, жоруктардын жана кылмыштардын, ошондой эле бүгүнкү күндө көйгөй жаратып жаткан COVID-19 илдетинин алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аталган илдетке каршы эмдөөлөр өтө маанилүү экендигин белгилеп өтүштү.

Ушундай эле багыттагы иш-чаралар Ноокен районунун аймагында да байма-бай жүргүзүлүп, калк арасында жаралып жаткан ар түрдүү маселелер боюнча көчмө кабылдама аркылуу арыз-доолор жана сунуштар кабыл алынып, ал багытта тиешелүү иштер алынып барылууда.

Ал эми милиция кызматкерлеринин жана шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн имаратына келген атуулдардын ден-соолугуна кам көрүү, Ковид-19 илдетинин алдын алуу максатында милиция бөлүмдөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий