• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад: Облустук ооруканага коргоочу костюмдар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ооруканасына коргоочу костюмдар тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад бизнес ассоциациясы “Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына 95 даана көп жолку колдонууга ылайыкташкан медициналык коргоочу костюм жана респираторлорду тапшырды.

Бул багытта Короновирус илдети менен күрөшүүдө медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында, Кыргызстандагы жалпы ишкерлер ассоциациясы демилге көтөргөн. Анда өлкө боюнча илдет менен күрөшүп жаткан оорукана кызматкерлерине 1000 даана атайын коргоочу кийимдер алынган.

Алардан 95 даанасы Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий