• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берүү алдында турат.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, азыркы учурда мекемеде тазалоо жумуштары аткарылууда.

Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1984-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдө өткөн эмес. Буга чейин толук шарты жок мекемеде оорулуулар менен бирге кызматкерлер үчүн да кыйынчылыктар жаралып келген.

Ремонттоо иштери өткөн жылдын август айында башталган. Анын алкагында имараттын чатыры жаңыланып, ички шарттары жакшыртылып, эшик-терезелери алмаштырылган. Жумуштарды аткарууга жалпы 15 миллион сом акча каражаты сарпталып, Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.

Облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 40 орунга ылайыкташтырылган. Бирок пандемиялык абалга байланыштуу 80 орунга көбөйтүлгөн. Бөлүмдө 2020-жылдан тарта COVID-19 илдетине кабылган 1 миң 86 адам даарыланган.

Мындан сырткары, облустагы медициналык мекемелердеги шарттарды жакшыртуу максатында Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнүн Бек-Абад айылында жайгашкан оорукананын терапия бөлүмү, Таш-Көмүр шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү да оңдоп-түзөөдөн өттү.

Пикир

Оставить комментарий