• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облустук ооруканасында коронавирус жуктурган 11 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 11 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев билдирди.

Анын айтымында, бейтаптардын абалы туруктуу. "Коронавирус катталгандан бери жалпы 83 жаран ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 72си ооруканадан айыгып, чыккан. Ал эми 11 бейтап дарыланып жатат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 769га жетти. Алардын ичинен 200ү медицина кызматкери. Илдеттен 527 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий