• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгерлери жумуштан кетип жатат деген маалымат туура эмес – министрлик

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери массалык түрдө иштен кетип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Оорукананын бардык медициналык кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Алар жеке сактануу каражаттары (беткаптар, респираторлор, коргоо костюмдары, бир жолку халаттар) менен толук кандуу камсыздалды. Жалал-Абаддагы медиктерге кошумча жеке сактануу каражаттарын жөнөтүү маселеси каралууда", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий