• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облустук прокуратура органдары ишкерлердин укугун коргоону улантууда

Аймак 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук прокуратура органдары ишкерлердин укугун коргоону улантууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы райондук прокуратурасы тарабынан ишкердин укугун бузган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталды.

Ишкердик субъекттерине карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан прокуратурадан каттатуусуз текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбестигине карабастан, КР өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн жана Мамлекеттик салык кызматынын Аксы району боюнча башкармалыгынын жоопттуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, прокуратура органынан эч кандай текшерүүгө уруксат берүүчү документ албастан туруп, 2021-жылдын 18-февралында Аксы районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан Г.Б. аттуу жеке ишкердин соода түйүнүн мыйзамсыз текшерүүгө алышып, жеке ишкердин мыйзам менен корголгон укуктарын одоно түрдө бузушуп, товарларын мыйзамсыз алып кетишкен.

2021-жылдын 19-мартында аталган факты боюнча Аксы райондук прокуратура тарабынан Жазык кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Эске салсак, укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдары тарабынан ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүү же тоскоолдук кылуу фактысы орун алса прокуратура органдарынын күнү-түнү кабыл алуучу ишеним телефондоруна кайрыла алышат. Ар бир факты боюнча прокуратура органдары токтоосуз тиешелүү чараларды көрөт.

Белгилей кетсек, үстүзбүздөгү жылдын март айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жоюлган.

Пикир

Оставить комментарий