• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облустук прокуратурасы 17 млн сомдон ашуун зыянды аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук прокуратурасы 17 млн сомдон ашуун зыянды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ала-Бука районуна караштуу Кɵк-Таш айыл ɵкмɵтүндɵ жүргүзүлгɵн текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кɵрсɵтүлгɵн кылмыштын белгилери менен КЖБРге 9 сотко чейинки ɵндүрүш ишин каттады.

Тактап айтканда, аталган айыл ɵкмɵттүн кызмат адамдары ɵздɵрү, же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, айрым жеке ишкерлер менен сүйлɵшүп алып, кɵпүрɵ, жол жана башка объектилердин аткаруу актыларын жасалмалашып, атайылап ашыкча суммаларды кɵрсɵтүшкɵн.

Натыйжада, мамлекетке 17 млн 279 миң 755 сомдук зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча сотко чейинки ɵндүрүш иштерин жүргүзүү жагы, КР Ɵкмɵтүнɵ караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрɵшүү мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгына тапшырылды.

Учурда тергөө амалдары башталды.

Пикир

Оставить комментарий