• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1246 орундук даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 1246 орундук даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө облустун аймагындагы бардык район-шаарларда атайын орундуктар даярдалып, тейлөөлөр башталды.

“Ар бир райондун ар айыл өкмөтү, өлкөдөгү кырдаалдын өзгөрүүсүнө даяр болушу керек. Мындан улам жергиликтүү бийликтегилер жер-жерлерде талапка жооп берген имараттарды дезинфекциялап, атайын орундуктарды даярдоо менен бирге мобилдүү топтор уюштурулду.

Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационардык борборго эки күндөн бери 145 жаран кайрылып, керектүү кеңештерди алып, дарыланып кетишти. Аталган борборлор саат 08:00 баштап 20:00 гө чейин иш жүргүзөт.

Учурда облустук ооруканада 31 даана кычкылтек концентраторлору иштеп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий