• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусу менен Германиянын ортосундагы кызматташтык алакалар талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-ноябрда КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Германия өлкөсү менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы кызматташтык алакалары, алдыдагы иш алып баруу пландарын талкуулашты.

Элчи Габриэла Геллил Жалал-Абад облусу өлкөдөгү өнүгүү потенциалы чоң облус экенин белгилеп, жаратылышы кооз, уникалдуу жаңгак токойлору кызыгуусун жаратаарын айтты. Облуста алдыда бир катар тармактарда чогуу иш алып баруу аракеттери улантылаарын кошумчалады.

Ыйгарым укуктуу өкүл Жалал-Абад облусунда Кыргызстан менен Германиянын бир канча биргелешкен долбоорлору жумушу ийгиликтүү улантып жатканын айтты. Алардын арасында саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба тармактарында да алгылыктуу аракеттер жүрүп жатканына токтолду.

“Өткөн жылы калктын ден соолугуна кам көрүүдө аталган өлкөнүн каржылоосунда облустук оорукананын базасында ыкчам медициналык тез жардам бөлүмү ачылды. Аны менен бирге аймактарда Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) тарабынан да натыйжалуу долбоорлор иштеп келет. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель Фонду аркылуу билим алган жаштар да арбын. Алар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жигердүү иштеп келүүдө", – диди Абсаттар Сыргабаев.

Облус башчысы Жалал-Абаддын өнүгүүгө багытталган долбоорлор үстүндө кызматташууга кызыктар экенин айтып, мындагы аракеттер уланышына ишенип артаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий