• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусу менен ЮНИСЕФ балдар укуктарын камсыздоодо тыгыз кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21./Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун Оштогу кеңсесинин башчысы миледтин аткаруучу Чынаргүл Жумагулова менен жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар Жалал-Абад облусундагы балдар укуктарынын камсыздалышы, билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерди талкуулашты.

"Мында басымдуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын коомго аралаштыруу, облуста балдар реабилитациялоо борборлорун көбөйтүү зарылдыгы белгиленди. Аны менен бирге алдыда майыптыгы бар балдарды үй шартында электрондук тартипте медициналдык кеңеш берүүгө өтүү, алардын артыктчылыктары тууралу сөз жүрдү. Ошол эле учурда билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен жеткинчектерди өнүктүрүү борборлорунун маанилүүлүгү айтылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары ЮНИСЕФ тарабынан Жалал-Абал облусунун аймагында “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарга жаш айырмасына жараша тарбия берүүнүн өзгөчөлүктөрү” аталышындагы атайын долбоордун үстүндө иш жүрүп жатканына токтолду.

Аймактарда ден соолугунан мүмүнчүлүгү чектелген балдарга түзүлгөн шарттар, алдыдагы пландар белгиленип, соңку жылдары ЮНИСЕФтин облустагы билим берүү мекемелерине көрсөткөн жардамын белгилеп, кызматташтык алакалары дагы да улантылаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий