• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусуна 3 тез жардам унаасы, 50 кычкылтек концентратору келди

Аймак 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна зарыл жабдуулар менен камсыз болгон 3 тез жардам унаасы келди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-июлда Дүйнөлүк банктын ERIK долбоорунун алкагында КР Саламаттык сактоо министрлиги сатып алган тез жардам унааларынын 3 даанасы Жалал-Абад облусуна берилди. Алардын бири облустук биргелешкен ооруканага тапшырылса, бир даанасы Жалал-Абад шаарынын тез жардам бөлүмүнө берилет. Ал эми үчүнчү унаа Кара-Көл шаардык ооруканага тапшырылмакчы.

«Кыргызстандын аймактары үчүн атайын дизель майы керектелүүчү 4WD «Соболь» унаалары алынган. Унаанын ичинде — дем алдыруучу системалары, кычкылтек баллондору жана бардык жарандарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон жабдуулар бар", - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, Саламаттык сактоо министрлигинен 50 даана кычкылтек концентратору келди, алар муктаж болгон ооруканаларга жана кошумча жаңы ачыла турган стационарларга тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий