• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад облусунан Баткенге дээрлик 700 миң сомдук дары-дармек жиберилди

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринен чогулган жалпы суммасы 700 миң сомго жакын дары-дармектер Баткен обусундагы жабыр тарткан жарандарга жиберилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкулчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин облустук биргелешкен ооруканасынан 5 дарыгер, Сузак аймактык бейтапканасынан 4 дарыгер 2 бригада болуп, тез жардам унааларында Баткен облусуна жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам набыт болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий