• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 1-майдан тарта 1 миң 452 ишкана ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда 1-майдан тарта 1 миң 452 ишкана ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдети тарагандан баштап облуста 7 миң 193 мекеме-ишкана ишин токтоткон.

"Анда иштеген 19 миң 874 адамдын жумушу токтоп, үйдө отуруп калган. Ал эми 1-майдан баштап 1 миң 452 ишкана өз ишин жандандырып жатат. Башкача айтканда, 6 миң 919 жаран жумушка чыкты", - деди Мирзахмедов.

Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий